> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Шакира башталышы гана... Дагы көп дүйнө жылдыздарынын келиши күтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/20/shakira-bashtalyshy-gana-dagy-kop-duino-zhyldyzdarynyn-kelishi-kutulot/
- Published: 2026-10-20T08:46:00.000Z
- Updated: 2026-10-20T08:45:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда мындан ары да дүйнөлүк жылдыздардын концерттерин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдирет. 18-октябрда "Бишкек аренада" өткөн Шакиранын концертине 40 миңден ашуун көрүүчү катышкан. Билеттерди 36 өлкөнүн жарандары сатып алышкан, ал эми чет өлкөдөн келген көрүүчүлөрдүн саны 10 миңден ашкан.**

> "Бул жөн гана концерт жана шоу эмес. Бул — жаңы туристтер, бизнестин өнүгүшү, дүйнөгө таанылуу жана өлкөбүз үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр. Биздин милдет — жетишкендиктер менен токтоп калбоо. Шакира — башталышы гана. Алдыда дагы дүйнөлүк жылдыздар жана ири долбоорлор бар", — деп белгилешти мекемеден.

Концерт жеке уюштуруучулардын, инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, ырчынын гонорарына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнү айтылат.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүү агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Шакиранын концертинен болжолдуу 200 миң доллар киреше экономикага түшкөнүн, алдыда дагы да эсептелип жатканын айткан.