> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/21/oshtogu-ak-buura-konushunda-800-orunduu-zhany-mektep-butuu-aldynda/
- Published: 2026-10-21T08:46:00.000Z
- Updated: 2026-10-21T08:45:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.**

> Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде:

• предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы

• ашкана, компьютердик класс, дарыгер бөлмөсү

• жыйындар залы жана эл аралык стандартка жооп берген спорт зал болот

Учурда имараттын ички жасалгалоосу жана айланасын көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.

Курулуштун сапаты министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**