> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жакында оңдолгон фасаддарды өзгөртүүгө тыюу салынат
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/27/bishkekte-zhakynda-ondolgon-fasaddardy-ozgortuugo-tyiuu-salynat/
- Published: 2026-10-27T07:04:00.000Z
- Updated: 2026-10-27T07:03:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаардык мэриясы борбордо жакында бюджеттик каражаттардын эсебинен оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынганын билдирди.** 

> Маалыматка караганда, буга тиешелүү калаа бийлигинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 353-т тескемеси бар. 

Борбордо төмөнкү даректерде жайгашкан имараттардын фасаддары оңдолгон:

- Чүй проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу проспектиси боюнча Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Айтматов проспектиси боюнча Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов көчөсү боюнча Жибек Жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин.

> "Фасаддардын түсүн, архитектуралык жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдерин өз алдынча өзгөртүүгө, анын ичинде сырдоосун жана каптамасын алмаштыруудан, кире бериш топторун орнотуудан, балкондорду айнектөөдөн жана кайра жабдуудан, кондиционерлерди, көрнөктөрдү, жарнамалык жана башка конструкцияларды жайгаштырууга болбойт", - деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын аймагындагы имараттардын жана курулмалардын фасаддарына өзгөртүүлөр Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 [токтомуна](https://www.gorkenesh.kg/ru/the-rulings-of-the-bgk-mob/28-sozyv/5853-134-ob-utverzhdenii-pravil-razmeshcheniya-i-ekspluatatsii-informatsionnykh-reklamnykh-konstruktsij-i-trebovanij-k-vneshnemu-vidu-fasadov-zdanij-sooruzhenij-na-territorii-goroda-bishkek.html?ref=economist.kg) ылайык, белгиленген тартипте гана жүргүзүлүүгө тийиш.

**Мэрия КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107 жана 434-беренелерине ылайык, тышкы жарнаманы белгиленген эрежелерди бузуу менен жайгаштыргандыгы, ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимин, көрсөтмөсүн, тескемесин же талабын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти.*