> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/28/kyzyl-kyiada-200-zharanga-komur-akysyz-taratyldy/
- Published: 2026-10-28T04:07:22.000Z
- Updated: 2026-10-28T04:07:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Экономика

**Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында **200 жаранга** жалпы **60 тонна** көмүр акысыз бөлүштүрүлдү.

Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын жеңилдетүүгө багытталган.

> Мэриядан билдиришкендей, социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды колдоо жана алардын жашоо шартын жакшыртуу багытындагы иштерге өзгөчө көңүл бурулууда.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**