> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 72 чакырымы асфальтталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/29/myrzake-kara-kulzha-alaikuu-zholunun-72-chakyrymy-asfalttaldy/
- Published: 2026-10-29T04:29:00.000Z
- Updated: 2026-10-29T04:28:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу автожолун куруу жана жаңылоо иштери уланууда. Жалпы узундугу 138 чакырымды түзгөн жолдун 72 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.**

> Маалым болгондой, учурда жолдун **54,4 чакырымында** курулуш иштери жүрүүдө. Анын **24,5 чакырымында** жер иштери толук аяктап, асфальт төшөө башталган. Бүгүнкү күнгө карата **6 чакырым** жол асфальтталды.

Мындан тышкары, кооптуу тилкелерге темир-бетон тосмолор орнотулуп, суу жана сел өткөрүүчү түтүктөр коюлууда. Жолдун **75-, 86- жана 107-чакырымдарында** атайын техникаларды сактоочу үч ангар курулуп, пайдаланууга даярдалды.

Ошондой эле жолдун **83-чакырымында** курулушту асфальт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуучу асфальт-бетон заводу иштеп жатат.

Аталган жолдун жаңыланышы Алайкуу өрөөнүнүн тургундарынын каттамын жеңилдетүүгө, транспорттук байланышты жакшыртууга жана жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.