> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түптөгү 85 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/29/tuptogu-85-million-somduk-bala-bakchanyn-kurulushu-aiaktoo-aldynda/
- Published: 2026-10-29T07:13:14.000Z
- Updated: 2026-10-29T07:13:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.**

> Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы **85 миллион сомду** түзөт. 

Эки кабаттуу имараттын аянты **1 404 чарчы метр**. Анда уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, сабак өтүүчү жайлар, ашкана, медициналык бөлмө жана кабылдама каралган. Ошондой эле балдар үчүн сыртта оюн аянтчасы уюштурулат.

Бала бакчанын курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган. Учурда негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, имаратты тазалоо, эмеректерди орнотуу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.