> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 60 килограмм таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/29/ysyk-koldon-60-kilogramm-tashtandy-chygaryldy/
- Published: 2026-10-29T03:31:00.000Z
- Updated: 2026-10-29T03:30:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**27-28-октябрь күндөрү Ысык-Көлдүн акваториясынан 4600 метр эски синтетикалык тор жана 60 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, тазалоо иштери Түп районунун Кудургу, Кичи-Өрүктү жана Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү, Григорьевка айылдарынын акваториясында жүргүзүлдү.

Жалпысынан 2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдөн **56 миң 200 метр** балык уулоочу тор жана **1480 килограмм** таштанды чыгарылган.

Аталган иш-чаралар президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана суунун булганышын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.