> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ала-Арчага" узундугу 732 метрлик айнек асма көпүрө курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/30/ala-archaga-uzundugu-732-metrlik-ainek-asma-kopuro-kurulat/
- Published: 2026-10-30T03:57:51.000Z
- Updated: 2026-11-04T09:30:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркына барып, европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Иш башкармалыктан маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө узундугу 732 метрди түзгөн айнек асма көпүрөнүн курулуш долбоору талкууланып, адистер менен биргеликте курулуш жүргүзүлө турган аймак жеринен каралды.**

Маалыматка ылайык, долбоорго ылайык, курулуш иштерин 2026-жылдын ноябрь айында баштап, 2027-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Көпүрө курулуп бүтсө, дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө болуп, аны Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү каралууда.

> "Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин созулган экологиялык жөө жүрүү жолу уюштурулат. Белгилей кетсек, буга чейин "Ала-Арча" жаратылыш паркында заманбап асма жол пайдаланууга берилип, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда беш жылдыздуу мейманкананын курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул долбоорлор "Ала-Арчанын" туристтик инфраструктурасын кеңейтүүгө, жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган", - дешет башкармалыктан.