> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/30/duino-chempionatynda-meerim-zhumanazarova-kumush-medalga-ee-boldu/
- Published: 2026-10-30T03:33:46.000Z
- Updated: 2026-10-30T03:33:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады.** 

Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан. 

> 26 жаштагы Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону 2026-жылы. Ал ошондой эле Азия чемпионатынын бир жолку күмүш (2022-жылы), эки жолку коло байгесинин ээси (2018-жылы, 2019-жылы.). 2021-жылдагы Дүйнө чемпиону. Жайкы Олимп Оюндарынын күмүш (Париж-2024) жана коло (Токио-2021) байгелеринин ээси.

 Жаштар арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 

23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону. Кадеттер (2016-жылы) жана жаштар арасында (2017-жылы) Дүйнө чемпионатынын коло байгелерин алган. Бир нече эл аралык рейтингдик мелдештердин жеңүүчүсү.

> Астана шаарында 24-октябрда башталган чоңдор арасында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 1-ноябрга чейин уланат.