> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө бир каржы пирамидасы элден 5 млрд сом чогултуп алган
- URL: https://im.kg/koom/2026/10/30/olkodo-bir-karzhy-piramidasy-elden-5-mlrd-som-chogultup-algan/
- Published: 2026-10-30T10:50:00.000Z
- Updated: 2026-10-30T10:49:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда бир ири компания Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, өзүнө караштуу дагы 20-22 ишкана ачып, элден 5 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы Кайрат Маматов “Биринчи радионун” эфиринде айтты.** 

Анын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан компания каражатты пайызга алган. Мындай ишмердик жүргүзүү үчүн **Улуттук банктын лицензиясы талап кылынат.** Кайрат Маматов ал ишкана боюнча чогултулган материалдар ИИМге өткөрүп берилгенин, териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалап, бирок аталышын айткан жок.

> "Жарандарга 18-28% чейин пайыздык кирешени убада кылып, 5 млрд сом чогултуп алышыптыр. 3,5 млрд сомдой каражаты калыптыр. Биз ишти көзөмөлгө алып, ага тиешелүү адамдардын чет өлкөгө чыгышына чектөө коюлду. Элдин акчасын кайра кайтаргыла деп талап коюп атабыз", - деди ал.

Кыргызстанда каржы пирамидасынан жабыркагандар соңку жылдары көбөйүүдө. Адистер аны баштаган саналуу адамдар гана киреше таба аларын, калгандарында андай мүмкүнчүлүк болбой турганын, бул кадимки алдамчылык экенин эскертип келишет.