> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/2-noiabr-madaniiat-kyzmatkerlerinin-kesiptik-mairamy/
- Published: 2026-11-02T12:56:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T12:56:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда жыл сайын, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин “Кайгылуу Какей” пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.**

2025-жылы Кыргызстанда **32 кинотеатр** иштеп, аларда 247 миңден ашык сеанс көрсөтүлгөн. Кинотеатрларга келген көрүүчүлөрдүн саны 4 млн ашкан. Бул тууралуу *Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.*

> Статистикалык маалыматка ылайык, учурда өлкөдө **21** кесиптик **театр бар**. Алар тарабынан 2025-жылы 1 931 спектакль жана оюн көрсөтүлгөн. Театрлардын 10у Бишкек шаарында жайгашкан.

Республикада ****715 клуб** тибиндеги маданият мекемеси иштейт. Алардын 90% ашыгы айыл жергесинде. 2025-жылдын аягына карата өлкөдө алты концерттик уюм, анын ичинде ****3 филармония** иш алып барган. Жыл ичинде концерттик жамааттар жана аткаруучулар 197 концерт тартуулашкан.

Мындан тышкары, Кыргызстанда **66 музей** иштеп, алардын фондундагы 211 миңге жакын экспонат көрүүчүлөргө сунушталган. Өлкө боюнча маданият жана эс алуу үчүн **49 парк** кызмат көрсөткөн.

**Кинотеатрлардын эң көбү Бишкекте — 10,** Нарын жана Ош шаарларында бештен, Чүй облусунда төртөө жайгашкан.