> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек - Алматы мэриясы кызматташуу боюнча план кабыл алышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/bishkek-almaty-meriiasy-kyzmattashuu-boiuncha-plan-kabyl-alyshty/
- Published: 2026-11-02T04:33:59.000Z
- Updated: 2026-11-02T04:33:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы менен Алматы шаарынын акиматы 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан бүгүн маалымдады.**

> Маалым болгондой, документ эки шаардын боордоштук мамилелерин мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. 

Планда соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттарда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, муниципалдык башкаруу, архитектура, шаар куруу, транспорт, санариптештирүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында тажрыйба алмашуу каралган.

Ошондой эле маданий, билим берүү, жаштар жана спорт багыттарындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, шаардык чөйрөгө заманбап чечимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

**Аталган документ Кыргызстан менен Казакстан аймактар аралык кызматташтыгынын II форумунун алкагында кабыл алынган.*