> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги 2 көчө оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/bishkektegi-2-kocho-ondop-tuzoodon-kiiin-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-11-02T12:41:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T12:40:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Бишкек шаарында Купянская жана Космическая көчөлөрү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.** 

- Купянская көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Космическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө,
- Космическая көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери аяктады.

> Маалыматка ылайык, жол куруу иштери 2026-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлдү. 

Курулган жол тилкелеринин жалпы узундугу **1 585 метрди** түзөт. 

Курулуш иштерин башкы подрядчы "Су-4 Кара-Балта" ЖЧКсы аткарды.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**