> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчулары 5 медаль жеңип алышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/duino-chempiondugu-kyrgyz-sportchulary-5-medal-zhenip-alyshty/
- Published: 2026-11-02T07:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T07:31:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү. Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча уюштурулду.**

> Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдагандай, Дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында улуттук курама команда **эки күмүш** жана **үч коло** медаль жеңип алды.

**Грек-рим күрөшү боюнча коло медаль алгандар:**

- Акжол Махмудов (82 кг чейин);
- Амантур Исмаилов (72 кг чейин).

**Кыз-келиндер күрөшү боюнча:**

Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) күмүш медаль тагынды.

**Эркин күрөш боюнча:**

- Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) күмүш медалга ээ болсо,
- Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медаль жеңип алды.

**Командалык эсепте Кыргызстандын курамасы грек-рим күрөшү боюнча* ***14-орунду,** *кыз-келиндер күрөшү боюнча* ***10-орунду** **жана эркин күрөш боюнча* ***6-орунду** *ээледи.*