> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында мыйзамсыз жайыт курулушу буздурулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/narynda-myizamsyz-zhaiyt-kurulushu-buzduruldu/
- Published: 2026-11-02T10:55:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T10:54:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунда суу ресурстарын пайдалануу үчүн 1 млн 225 миң 331 сом төлөм түшүп, жайыт жерине мыйзамсыз курулган мал сарайы буздурулду. Бул тууралуу Айыл чарма министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, Жумгал районунун "Миң-Куш" тилкесинде кен казуу иштерин жүргүзгөн ишканалар 2026-жыл үчүн суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн белгиленген төлөмдөрдү төлөштү.

Төлөмдөр суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүнө жана техникалык долбоордо көрсөтүлгөн көлөмгө ылайык жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, президенттин №109 Жарлыгын аткаруунун алкагында Ат-Башы районундагы Чой-Жап өрөөнүндө жайыт жерлеринин пайдаланылышы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыт жерине мыйзамсыз курулган мал чарба сарайы аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлгөндөн кийин буздурулду.