> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөгө абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын жаңы партиясы алып келинди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/olkogo-aberdin-angus-porodasyndagy-asyl-tukum-uilardyn-zhany-partiiasy-alyp-kelindi/
- Published: 2026-11-02T11:23:25.000Z
- Updated: 2026-11-02T11:23:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанга эт багытындагы абердин-ангус породасындагы асыл тукум уйлардын кошумча партиясы алып келинди. Бул фермерлердин суроо-талабын канааттандыруу жана өлкөдө мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, буга чейин долбоордун алкагында өлкөгө алып келинген алгачкы **300 баш** асыл тукум малга суроо-талап жогору болуп, алардын баары сатылып кеткен. Буга байланыштуу кошумча партияны алып келүү чечими кабыл алынган.

Фермерлер асыл тукум малды "Кыргыз Агрохолдинг" ААК аркылуу сатып ала алышат.

Мындан тышкары, программанын алкагында фермерлерге жылдык **3 %дык** үстөк менен жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Насыянын шарттары:

- Мөөнөтү - **5 жылга чейин**;
- Жеңилдетилген мөөнөтү - **12 айга чейин**;
- **500 миң сомго чейин** күрөөсүз насыя;
- **500 миң сомдон 20 млн сомго чейин** күрөө менен насыя берилет.  
Жеңилдетилген насыя алуу үчүн "АБанк" же "Элдик Банкка" кайрылууга болот.

Демилгенин негизги максаты - асыл тукум малдын үлүшүн көбөйтүү, эт өндүрүшүнүн көлөмүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле ата мекендик мал чарбачылыгын өнүктүрүү.