> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталган "Талас Арена" стадиону ишке берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/02/talasta-5-minden-ashuun-koruuchugo-ylaiyktalgan-talas-arena-stadionu-ishke-berildi/
- Published: 2026-11-02T13:21:00.000Z
- Updated: 2026-11-02T13:20:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Талас шаарында 5 миңден ашуун күйөрманды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар заманбап "Талас Арена" стадионунун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.**

> Маалым болгондой, республикалык бюджеттин эсебинен курулган спорттук комплекс **6,7 гектар жерди** ээлейт. Анда футбол талаасы, сегиз тилкелүү чуркоо жолу, заманбап жарыктандыруу жабдуулары жана үч кабаттуу административдик корпус жайгашкан.

Ошондой эле комплексте машыгуу үчүн өзүнчө талаа, **180 автоунаага** ылайыкталган токтотуучу жай жана көмөкчү транспорттук аймак каралган. Футбол талаасына гибриддик газон төшөлгөн.

Жаңы стадион Талас облусунда футболду жана жалпы спорт тармагын өнүктүрүүгө, жаштардын спортко кызыгуусун арттырууга жана келечектеги спортчуларды даярдоого шарт түзөрү кошумчаланган маалыматта.