> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акысыз кино: Бишкекте Австрия, Швейцария жана Германиянын тасмалары көрсөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/akysyz-kino-bishkekte-avstriia-shveitsariia-zhana-germaniianyn-tasmalary-korsotulot/
- Published: 2026-11-03T12:08:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T12:07:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**9–14-ноябрь күндөрү Бишкекте Германия, Австрия жана Швейцариянын маданиятына арналган Немис тили күндөрү өтөт. Фестивалдын алкагында үч өлкөнүн көркөм тасмалары акысыз көрүүгө сунушталат. Бул тууралуу уюуштуруучулар маалымдашты.**

Кино көрсөтүүлөр **10–12-ноябрь күндөрү** “Ала-Тоо” кинотеатрында өтөт. Бардык сеанстар саат **18:00дө башталат**.

Билдирүүгө караганда, көрүүчүлөргө төмөнкү тасмалар сунушталат:

- **10-ноябрь** — Австриянын “Францтын окуясы” (Geschichten vom Franz) тасмасы. Немис тилинде, кыргызча субтитр менен көрсөтүлөт.
- **11-ноябрь** — Швейцариянын “Салам, Бетти” (Hallo, Betty) тасмасы. Швейцариялык немис тилинде, кыргызча жана орусча субтитрлер менен көрсөтүлөт.
- **12-ноябрь** — Германиянын “Көк чек аранын аркы тарабында” (Jenseits der blauen Grenze) тасмасы. Немис тилинде, орусча субтитр менен көрсөтүлөт.

**Бардык киносеанстарга кирүү акысыз.**

Немис тили күндөрү Германия, Австрия жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиликтери тарабынан жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулууда.

Фестивалдын программасында кинодон тышкары концерттер, студенттер менен жолугушуулар, немис тилин үйрөнүп жаткандар үчүн интерактивдүү иш-чаралар жана жаштарга арналган көңүл ачуучу программалар бар.

Иш-чара 9-ноябрда Германиядан келген музыкант Матце Россинин кыргызстандык музыкант Мээрим Сабатова менен биргеликте өтүүчү концерти менен ачылат. Концертке кирүү дагы - акысыз.