> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар  токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/bishkek-sharm-el-sheikh-bagyty-boiuncha-aviakattamdar-toktotuldu/
- Published: 2026-11-03T03:51:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T03:50:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар кышкы мезгилге токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирет. Маалыматка ылайык, бул чечим Египетте чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелеринин өзгөрүшү менен байланыштуу болууда.**

> "Маалымдалгандай, акыркы рейс үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аткарылат. Буга чейин авиабилет сатып алган жүргүнчүлөргө акча каражатын кайтарып алуу, сапардын мөөнөтүн жылдыруу же учуунун башка альтернативдүү жолдору тууралуу маалымат алуу үчүн тиешелүү авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат.Каттамдар качан кайра жанданары кийинчерээк кабарланат", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 1-ноябрдан тарта Египет Кыргызстандын жарандары үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин киргизгенин маалымдаган.