> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 2026-жылдан бери автобустардын катышуусундагы 521 жол кырсыгы катталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/bishkekte-2026-zhyldan-beri-avtobustardyn-katyshuusundagy-521-zhol-kyrsygy-kattaldy/
- Published: 2026-11-03T07:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T07:25:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкекте ушул жылдын башынан бери эл ташыган автобустардын катышуусунда 521 жол кырсыгы катталды. Анын ичинен 244ү боюнча коомдук транспорттун айдоочулары күнөөлүү болсо, 272 учурда экинчи тарап күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.**

Бакыт Табалдиевдин айтымында, келтирилген чыгымдарды автобустун айдоочусу айлыгынан төлөйт же накталай берет.

> "Расмий маалымат боюнча, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында 1400 автобус бар. Анын ичинен күн сайын 1100-1150 автобус элди ташууга чыгат. Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаментинин коомдук транспортту уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Бакыт Калыковдун айтымында, шаардыктарды ташууга 620 автобус жетишсиз", - деп жазылат маалыматта.