> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте үй шартында мыйзамсыз алкоголь өндүргөн жай аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/bishkekte-ui-shartynda-myizamsyz-alkogol-ondurgon-zhai-anyktaldy/
- Published: 2026-11-03T06:10:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T06:09:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын алкагында борбор калаанын Ленин районунда үй шартында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

> Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө бөтөлкөлөргө куюлган **218 литр** алкоголдук продукция жана **224 миң 557 даана** жасалма акциздик марка тартып алынды.

Бул фактылар боюнча тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, спиртти жана алкоголдук продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүргөндүгү үчүн ****50 миң сом** айып пул же ****5 жылга чейин** эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды жана ишкерлерди акциздик товарларды мыйзамсыз өндүрүүдөн, сактоодон жана сатуудан алыс болууга чакырды.