> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө аңчылык эрежесин бузган эки жаранга айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/chuido-anchylyk-erezhesin-buzgan-eki-zharanga-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-03T05:01:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T05:00:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунда аңчылык эрежелерин бузган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.**

> Маалыматка ылайык, Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыкка жарандардан Төмөнкү Чүй айылынын аймагында кыргоолдорду атып жатышканы тууралуу кайрылуулар түшкөн.

Анын негизинде аталган министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда айылдын айланасындагы талааларда аңчылык кылып жүргөн эки жаран аныкталган.

Текшерүүдө алардын аңчылык жүргүзүүгө мыйзамдуу уруксат документтери бар экени, бирок аңчылыкта Джек-рассел породасындагы итти колдонууга уруксат берүүчү документи жоктугу белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык **эки протокол** түзүлүп, жарандарга жалпы **25 миң сом** айып пул салынган.