> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казакстанга кирүүнүн электрондук уруксат алуу тартиби
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/kazakstanga-kiruunun-elektronduk-uruksat-aluu-tartibi/
- Published: 2026-11-03T04:25:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T04:24:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Казакстан чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук уруксат (ETA) системасын этап-этабы менен киргизе баштайт. Жаңы тартип Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.**

> Маалыматка ылайык, система Казакстан өкмөтүнүн 2026-жылдын 10-октябрындагы №890 токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Электрондук уруксат үч этап менен киргизилет:

- **2026-жылдын 1-ноябрынан тартып** Актау эл аралык аэропортунда, Павлодар облусундагы “Үрлүтөбе”, Жамбыл облусундагы “Аухатты”, Түркстан облусундагы “Атамекен” жана Жетису облусундагы “Нурлы Жол” автомобиль өткөрүү пункттарында;
- **2027-жылдын 1-январынан тартып** Астана жана Алматы шаарларынын эл аралык аэропортторунда;
- **2027-жылдын 1-мартынан тартып** Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык өткөрүү пункттарында колдонулат.

> Билдирүүгө караганда, **электрондук уруксат QazETA** санариптик платформасы аркылуу алдын ала таризделет. Арыз өлкөгө кирүү пландалган күнгө чейин кеминде **72 саат мурда** берилүүгө тийиш. Уруксат **180 календардык күнгө жарактуу** болот.

**2026-жылдын 1-ноябрынан 2027-жылдын 30-июнуна чейин** электрондук уруксаттын жоктугу Казакстанга **кирүүдөн баш тартууга негиз болбойт**. Ал эми **2027-жылдын 1-июлунан тартып** уруксаттын болушу **милдеттүү талапка айланат.** Анын жоктугу өлкөгө киргизүүдөн баш тартууга негиз болушу мүмкүн.

****29 категориядагы жарандар** электрондук уруксат алуу талабынан бошотулат. Алардын катарына: ****16 жашка чейинки балдар, 65 жаштан жогорку адамдар**, Казакстанда убактылуу жашоого же туруктуу жашоого ****уруксаты бар чет өлкөлүктөр**, каза болгон адамдарды акыркы сапарга узатуу үчүн коштоп баргандар жана эл аралык аэропорттор аркылуу ****транзит менен өтүп жаткандар** кирет.

ТИМ **электрондук уруксаттын болушу** Казакстанга кирүүгө **автоматтык түрдө кепилдик бербей турганын** да эскертти. Өлкөгө кирүүдөн баш тартуу Казакстандын “Калктын миграциясы жөнүндө” мыйзамынын 48-беренесинде каралган негиздер боюнча мүмкүн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/886940828_17945690421367218_1697390534564752773_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/887085659_17945690430367218_7368506426702784179_n.jpg)