> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кубакы ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/kubaky-ashuusunda-oor-zhuk-tashuuchu-unaalarga-chektoo-kirgizilet/
- Published: 2026-11-03T09:03:15.000Z
- Updated: 2026-11-03T09:03:15.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин Кубакы ашуусу аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.**

> Министрликтин буйругуна ылайык, жалпы салмагы **7 тоннадан** ашкан жүк ташуучу унааларга "Көк-Мойнок - Кубакы - Кочкор" эл аралык маанидеги унаа жолунун айрым тилкелеринде каттоого тыюу салынат.

Чектөө киргизилген мезгилде оор жүк ташуучу унаалар үчүн альтернативдүү маршрут катары Балыкчы шаары аркылуу өткөн "Бишкек - Нарын - Торугарт" унаа жолу сунушталат.

Аталган чектөө жолдун коопсуздугун камсыздоо жана кышкы мезгилде унаалардын үзгүлтүксүз каттамын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө.