> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/kyrgyzstandyktar-2027-zhyldy-7-kunduk-es-aluu-menen-tosup-alyshat/
- Published: 2026-11-03T11:12:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T11:11:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2027-жылдын январь айында жарандар катары менен 7 күн эс алышат. Эс алуу күндөрү 1-январдан 7-январга чейин созулат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдады.**

> Билдирүүгө караганда, 2027-жылга карата өндүрүштүк календарь жана иш убактысынын ченеми бекитилди.

Ага ылайык, январь айындагы биринчи жумуш күнү 8-январга туура келет.

Ошондой эле буйрук менен сааттык тарифтик ставканы эсептөө үчүн жумуш убактысынын орточо айлык ченеми бекитилди. Тактап айтканда:

- 40 сааттык иш жумасында - 164,75 саат;
- 36 сааттык иш жумасында - 148,8 саат;
- 24 сааттык иш жумасында - 99,2 саат.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**