> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө бир аптада 10 миңден ашык адам КРВИ жана сасык тумоого кабылган
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/olkodo-krvi-zhana-sasyk-tumoo-menen-oorugan-10-432-uchur-kattalgan/
- Published: 2026-11-03T09:13:36.000Z
- Updated: 2026-11-03T09:13:35.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**2026-жылдын 24-31-октябрында республика боюнча КРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 10 432 учур катталган. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен таратты.** 

Мурунку жумага салыштырмалуу ооругандардын саны **6,9%га,** ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **1,5 эсеге** өскөн.

> Маалыматка ылайык, ооругандардын жалпы санынын **68,1%ын 14** жашка чейинки балдар түзөт (**7 103 учур**).

Лабораториялык мониторингдин маалыматтарына ылайык, республикада респиратордук вирустардын циркуляциясы уланууда. 

**Сасык тумоого каршы эмдөө**

Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан "Гриппол+" вакцинасынын **63 734 дозасы** сатып алынган. Мындан тышкары, сасык тумоого каршы вакцинанын дагы **100 миң** дозасы жеткирилери күтүлүүдө.

Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Биринчи кезекте төмөнкү тобокелдик тобуна кирген адамдар эмделүүдө:

- өнөкөт оорулары бар адамдар;
- 65 жаштан жогорку жарандар;
- кош бойлуу аялдар;
- тез-тез ооруган балдар;
- медициналык кызматкерлер.

Аталган жарандар үчүн эмдөө Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.