> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштун Толман айылында 75 орундуу бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/oshtun-tolman-aiylynda-75-orunduu-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-11-03T10:14:52.000Z
- Updated: 2026-11-03T10:14:51.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Ош облусунун Ноокат районундагы Толман айылында 75 орундуу жаңы бала бакча курулууда.** 

Курулуш министрлигинен объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатканын билдирди.

> Маалыматка караганда, долбоордун жалпы наркы **69 миллион сомду** түзөт.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты **1105 чарчы** метрди түзүп, бала бакча бир кабаттуу болуп курулууда. Анда бөбөктөрдүн тарбияланып, билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат.

Объекттин курулуш иштери **2025-жылдын** октябрь айында башталган. Учурда имараттын дубалы тургузулуп, чатырын жабуу иштери башталды.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**