> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндө жол салган ишканага 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/ozgondo-zhol-salgan-ishkanaga-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-03T03:38:55.000Z
- Updated: 2026-11-03T03:38:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Ата-Башат айылында асфальт төшөө иштери текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.** 

> Маалыматка ылайык, Ата-Башат айылындагы жолду капиталдык оңдоо жана асфальт төшөө иштеринин буйрутмачысы Жалпак-Таш айыл өкмөтү болуп саналат. Ал эми келишимдин негизинде подрядчы уюм катары "Толман" ЖЧКсы тартылган. 

**Жолдун жалпы узундугу* ***3,2 чакырымды** *түзүп, бүгүнкү күнгө карата* **700 метрине** *асфальт төшөлгөн.*

Текшерүүнүн жүрүшүндө төшөлгөн асфальт-бетондун сапатын аныктоо максатында андан керн үлгүлөрү алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

Ал эми текшерүүнүн жыйынтыгында "Толман" ЖЧКсына **200 000 сом** айып пул салынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн **10 күндүк** мөөнөт берилди.

**Жолдун сапаты тургундун арызынын негизинде текшерилген.* 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**