> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн 260тан ашык адис окутулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/prezidenttik-shailoogo-daiardyk-koruu-uchun-260tan-ashyk-adis-okutuldu/
- Published: 2026-11-03T03:27:42.000Z
- Updated: 2026-11-03T03:27:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча 260тан ашык адис окутулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, тренингдер 20-29-октябрь күндөрү Бишкек, Нарын, Талас, Каракол шаарларында жана Чүй облусунда өттү.**

> "Иш-чараларды БШКнын жарандардын айрым категорияларынын жана майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу уюштурду. Окутууда мамлекеттик органдар менен шайлоо комиссияларынын кызматташуусу, санариптик кызматтар, шайлоочуларга маалымат берүү жана шайлоо участкасынан тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери каралды", - деп жазылат маалыматта.

Окууда майыптыгы бар жарандардын, аскер кызматкерлеринин, камак жайлардагы жана социалдык мекемелердеги адамдардын шайлоого катышуусун камсыздоо, добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо жана маалыматтын жеткиликтүүлүгү талкууланган.

> Тренингдерге шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, социалдык жана медициналык мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алар алган билимдерин президенттик шайлоонун алдында кесиптештерине өткөрүлүүчү окутууларда колдонушат.