> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта райондор жана облустар аралык автобус каттамдары уюштурулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/03/talasta-raiondor-zhana-oblustar-aralyk-avtobus-kattamdary-uiushturulat/
- Published: 2026-11-03T04:04:00.000Z
- Updated: 2026-11-03T04:03:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга "район - облус" жана "облус - республика" багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуучу автобус каттамдарын уюштуруу иштерин улантууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө лидери жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.**

> Маалыматка караганда, мындай тапшырма Талас шаарынын мэринин, Талас жана Бакай-Ата райондорунун акимдеринин презентацияларынын жыйынтыгында берилди.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы жергиликтүү жетекчилер көтөргөн мектептерди, бала бакчаларды жана спорт аянтчаларын куруу, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо сыяктуу маселелер жакынкы жылдары планга ылайык чечилерин белгиледи.

Жаңы автобус каттамдары аймактардын транспорттук байланышын жакшыртууга жана тургундар үчүн үзгүлтүксүз каттамдарды камсыздоого багытталган.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**