> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 5-ноябрдан тарта Бишкектеги көчөдө чектөө болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/5-noiabrdan-tarta-bishkektegi-kochodo-chektoo-bolot/
- Published: 2026-11-04T13:27:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T13:26:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**5-ноябрдан тарта Бишкектеги Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.**

> Мэриядан маалымдагандай, мындай чектөө 5-ноябрда саат 08:00дөн 8-ноябрда саат 20:00гө чейин болот. 

Бул убакыт аралыгында жол куруу тармагындагы жаңы эксперименталдык технологияны сыноо иштери жүргүзүлөт. 

**Борбор калаанын мэриясы айдоочулардан жолго чыгар алдында каттамдарын алдын ала пландап алууну сунуштады.* 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**