> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир күндө Ысык-Көлдөн 20 кг таштанды чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/bir-kundo-ysyk-koldon-20-kg-tashtandy-chygaryldy/
- Published: 2026-11-04T04:51:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T04:50:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**3-ноябрда Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 1400 метр болгон эски балык уулоочу торлор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.**

> Маалыматка ылайык, рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Тоң жана Ысык-Көл райондорунун акваторияларында уюштурулган. Анын жүрүшүндө **4 даана** эски балык уулоочу тор табылып, көлдөн чыгарылды. Алардын жалпы узундугу **400 метрди** түздү.

Мындан тышкары, Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында көлдөн дагы **1000 метр** эски тор жана **20 килограмм** таштанды алынган.

> Министрликтин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөнүн суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо иштеринин алкагында **160 миң метрден ашык** эски балык уулоочу тор жана **4 миң килограммга жакын** ар кандай таштанды чыгарылган.

Аталган иш-чаралар суу экосистемаларын сактоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу биоресурстарын коргоо максатында жүргүзүлүүдө.