> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ башчысы Астанада эл аралык конференцияга катышууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/iim-bashchysy-astanada-el-aralyk-konferentsiiaga-katyshuuda/
- Published: 2026-11-04T12:30:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T12:29:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Казакстандын Астана шаарында киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерине арналган эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.** 

> Маалым болгондой, иш-чарага 27 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда. 

КРнын ички иштер министри Улан Ниязбеков анда киберкылмыштуулук тынымсыз өзгөрүп, барган сайын татаал уюштуруучулук мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи.

**Ошондой эле ал жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшүнө байланыштуу пайда болгон жаңы чакырыктарга өзгөчө токтолду.* 

Тактап айтканда, жасалма жол менен даярдалган үндөр, тааныш адамдардын жана мекемелердин атынан жөнөтүлгөн жалган билдирүүлөр, ошондой эле ойдон чыгарылган инвестициялык сунуштар алдамчылыктын кеңири жайылган ыкмаларына айланып жатканын белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/21df1ea9-d6e9-4973-9828-9246a33941fa.jpeg)

**Мындай кылмыштардын өлкөлөр аралык мүнөзгө ээ болушу аларды аныктоону жана бетин ачууну кыйла татаалдаштырат. Анткени кылмышкерлер башка мамлекеттердин аймагынан туруп, чет өлкөлүк санариптик платформаларды, үчүнчү жактардын банктык эсептерин жана ар кандай өлкөлөрдүн финансылык инструменттерин колдонушу мүмкүн.*

Ушуга байланыштуу Улан Ниязбеков киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө комплекстүү мамиленин зарылдыгын баса белгиледи. 

Ошондой эле мындай кылмыштарга натыйжалуу каршы туруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен маалымат алмашууну өз убагында уюштуруу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып өттү.