> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанды түндө 3 ирет жер титиреди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/kyrgyzstandy-tundo-3-iret-zher-titiredi/
- Published: 2026-11-04T04:11:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T04:10:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Өлкө аймагында 4-ноябрда саат 03:34 чамасында очогунда 5,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.** 

> Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Оштогу Бор-Дөбө айылынан 14 км түндүк-батышта, Ош шаарынан 110 км түштүк-чыгышта жайгашкан. 

Жер титирөө Бор–Дөбө айылында 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак, Сары-Могол **4 балл**, Дароот-Коргон, Нура айылында **3 баллга** чейин сезилген. 

Өлкө аймагында ушул эле күнү саат 4:44 чамасында экинчи ирет жер силкинген. Анын күчү очогунда ****3,5 баллга** жеткен. 

> Билдирүүгө ылайык, сил силкинүү Оштун Бор-Дөбө айылында 3,5 баллга чейин сезилген. 

**Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,* **4-ноябрда саат 4:50дө да жер тирөө катталган. Анын очогу кыргыз-тажик чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 8 км түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 126 км түштүк-чыгышта жайгашкан.*

Жер титирөө Бор-Дөбө айылында **4,5 баллга** жакын, Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол, Нура айылында **3,5 баллга** жакын сезилген. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**