> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон сый акы төлөп туруу сунушталууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/manaschylarga-ai-saiyn-62-min-somdon-syi-aky-tolop-turuu-sunushtaluuda/
- Published: 2026-11-04T05:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T05:45:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик колдоо системасына киргизилген манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон акчалай сый акы төлөө сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда айтылат.**

Документтин негизги милдети — ****“Манас” эпосун сактоодо,** өнүктүрүүдө жана кеңири жайылтууда өзүнчө орунду ээлеген манасчылыкты аркалаган өнөр ээлеринин **“манасчы” статусун бекитүү**, аларды камкордукка алуу үчүн ****материалдык дем берүү,** ошондой эле алардын чыгармачылык, илимий, устаттык жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат

> Документке ылайык, сый акы конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн жана **“Манасчы” статусуна ээ болгон адамдарга берилет.** Белгиленген **62 миң сом** \- салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр кармалганга чейинки сумма.

Долбоордо манасчыларды тандоо үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдында **эксперттик комиссия** түзүү каралган. Комиссия талапкерлердин аткаруучулук, чыгармачылык, педагогикалык, устаттык, илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн **баалайт.**

Алгачкы этапта **23 талапкерди** акчалай сый акы төлөө системасына киргизүү пландалууда. Бул максатта 2027-жылга республикалык бюджеттен **20 млн 63 миң 820 сом** бөлүү талап кылынат.

Ошондой эле “Кыргыз улуттук “Манас” театрынын” штаттык түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Анын алкагында ****23 “артист-манасчы”** штаттык бирдигинин ордуна театрдын чыгармачылык жана уюштуруучулук ишин камсыз кылган ****18 кызмат ордун киргизүү** каралган. Бул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында эмгек акы фондунан ****4 млн 918 миң сом үнөмдөө** күтүлүүдө.

Токтом долбоору кабыл алынса, “Манасчы” статусун ыйгаруу, сый акы төлөө жана анын аткарылышын көзөмөлдөө иштери **Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлмөкчү.**

Мындай тажрыйба бир катар өлкөлөрдө жана аймактарда ийгиликтүү колдонулат. Мисалы, ****Саха Республикасында** (Якутия) олонхо аткаруучуларына ай сайын 30 000 рубль өлчөмүндө стипендия төлөнөт, ****Калмыкия Республикасында** — 2 000 АКШ доллары, ****Өзбекстан Республикасында** бахши жана маком аткаруучуларына — 500 АКШ доллары, ****Кытай Эл Республикасында** айылдык деңгээлдеги манасчылар 3 500 юань, ал эми мамлекеттик деңгээлдеги манасчылар 35 000 юань алышат. Мындай төлөмдөрдү болжол менен 100 манасчы алат.