> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Министр Токтобаев Таласта "Беш-Таштын" абалы менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/ministr-toktobaev-talasta-besh-tashtyn-abaly-menen-taanyshty/
- Published: 2026-11-04T05:16:51.000Z
- Updated: 2026-11-04T05:16:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Таластагы "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркына барды.**

> Мекеменин маалыматында белгиленгендей, министр анда жаратылыш аймактарын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын популяциясын көбөйтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду.

**Белгилей кетсек, "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы уюшулган. Парктын жалпы аянты* ***12 802 гектарды** **түзөт.* 

Анын аймагында арча, карагай, ак карагай, кайың, жапалак арча, Талас тереги жана өсүмдүктөрдүн башка түрлөрү кездешет.

**Ошондой эле паркта аюу, ак илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, коён, марал, тоо теке, улар, чил жана башка жапайы жаныбарлар байырлайт.* 

Алардын арасында өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөр да бар.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**