> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындагы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу 30 %га аткарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/naryndagy-sarkyndy-suu-tazaloochu-zhaidyn-kurulushu-30-ga-atkaryldy/
- Published: 2026-11-04T05:32:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T05:31:59.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Коом

**Нарын шаарында жаңы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу уланууда. Учурда курулуш иштеринин 30 %ы аткарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиршти.**

> Маалыматка ылайык, бүгүн Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Нодира Мансурова баштаган өнөктөштөргө курулуш иштеринин жүрүшүн тааныштырды.

Долбоор "Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоорунун II фазасынын алкагында ишке ашырылууда.

Жаңы тазалоочу жай **20 миң адамга** ылайыкталып, саркынды сууларды үч этапта: механикалык, биологиялык жана химиялык жол менен тазалайт.

Мындан тышкары, шаардын чыгыш жана батыш бөлүктөрүндө жаңы канализация тутумдары курулуп, тургундарга аларга кошулууга уруксат берилүүдө. Ошондой эле эки аймакта канализациялык насостук станциялар курулду.

Бул долбоор Нарын шаарындагы санитардык-экологиялык абалды жакшыртууга, канализация системасын жаңылоого жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганы кошумчаланган маалыматта.