> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөдө пайдубалы түптөлө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/olkodo-paidubaly-tuptolo-elek-uilordon-batir-satuuga-tyiuu-salyndy/
- Published: 2026-11-04T06:08:30.000Z
- Updated: 2026-11-04T06:09:29.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Кыргызстанда курулуштун "нөл цикли" (имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук бүткөн баскыч) аяктаганга чейин турак жайларды жана коммерциялык объектилерди сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды**. 

> Маалыматка ылайык, бул талап курулуш министри Нурдан Орунтаевдин буйругу менен бекитилген. 

**Эми пайдубал куюлуп, жер алдындагы бардык курулуш иштери толук бүткөндөн кийин гана жарнама берүүгө, сатууга жана келишим түзүүгө болот.*

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти мыйзам бузууларды көзөмөл кылат. 

Учурда департамент тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

**Курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары тааныштырылып, белгиленген тартипти сактоо жана мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.*

Мекеме мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда жоопкерчилик каралганын эскертти. 

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**