> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто бир жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/oshto-bir-zher-tilkesin-eki-zholu-satkan-dep-shektelgen-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-11-04T11:29:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T11:28:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарында жарандардын ишенимине кирип, бир эле жер тилкесин эки жолу саткан деп шектелген жаранга карата кылмыш иши козголду. Шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнан маалымдады.**

> Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июнь айында Ош шаарынын Керме-Тоо айылындагы 6,88 сотых жер тилкесин жана 12 сотых үлүш жерди сатуу боюнча интернетке жарыя жайгаштырылган. Сатуучулар жер тилкелеринин документтери маркум адамдын атына катталганына карабастан, аларды 10 күндүн ичинде бүтүрүп берүүнү убада кылышкан.

Натыйжада, К.К. аттуу жаран 6,88 сотых жер үчүн 20 миң доллар, ал эми 12 сотых үлүш жер үчүн 3 миң доллар берген. Жалпы сумма 23 миң долларды түзгөн. Акчаны алгандар жер тилкелеринин документтерин өткөрүп берүүгө убада кылып, тил кат жазып беришкен. Бирок кийин убадасын аткарбай, сатып алуучу менен байланышка чыкпай коюшкан.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөрдүн бири 6,88 сотых жер тилкесин 2026-жылдын 13-июлунда мурас катары өз атына каттатып, кийин аны башка жаранга 2 млн 250 миң сомго сатып, документтерин жаңы сатып алуучунун атына өткөрүп берген. Ал эми алгачкы сатып алуучуга жердин документтери бүткөрүлгөнүн билдирбей, тилкени өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Бул факты боюнча 2026-жылдын 16-октябрында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Б.Р. аттуу жаран тергөөгө жеткирилип, соттун чечими менен камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.