> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзүн прокуратуранын өкүлү катары тааныштырып, алдамчылык кылган аял аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/04/ozun-prokuraturanyn-okulu-katary-taanyshtyryp-aldamchylyk-kylgan-aial-anyktaldy/
- Published: 2026-11-04T10:19:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T10:18:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкекте өзүн прокуратуранын полковниги катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген аялдын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.**

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан **1988-жылы туулган**, буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган **Э.У.** аттуу жаран алдамчылыкка шектелип кармалды.

> Тергөө органдарынын маалыматына ылайык, аталган жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, өзүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкери катары тааныштырып, прокуратура органдарынын **полковнигинин погондору** тагылган формалык кийимди мыйзамсыз кийип жүргөн. 

****Шектүү -** жабырлануучунун ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен ****акча каражаттарын алган**. Ал арыз ээсине мейманкана бизнесин ачууга көмөк көрсөтүүнү, кызын Кембридж ****университетине киргизүүнү,** Түркияга туристтик жолдомону арзандатылган баада сатып берүүнү, батир алууга ****жардам берүүнү,** ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу делген башка ****маселелерди чечип берүүнү убада кылган.**