> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айдоочу балалуу аялды мылтык менен коркуткан
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/aidoochu-balaluu-aialdy-myltyk-menen-korkutkan/
- Published: 2026-11-05T06:46:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T06:46:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 29-октябрында саат 10:25 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын “102” кызматына Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адам автоунаанын ичинде отуруп, кыздын дарегине карата сөгүнгөн сөздөрдү айтып, ага карата курал менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү берген. Аталган факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.**

> Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталып, **1989-жылы туулган С.Б.** аттуу жаран Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган курал мыйзамда белгиленген тартипте алынган. Ошондой эле шектүү айдап жүргөн автоунаа атайын айып короого токтотулган. Кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда. 

---

Бишкек шаардык милициясы жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого, агрессивдүү жүрүм-турумга, коркутууларга жана башка укукка каршы аракеттерге жол бербөөгө чакырат. Жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирген ар кандай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.