> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБдин көмүр кампасында 256 389 тонна көмүр бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/bishkek-zhebdin-komur-kampasynda-256-389-tonna-komur-bar/
- Published: 2026-11-05T04:32:20.000Z
- Updated: 2026-11-05T04:32:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**4-ноябрга карата Бишкек жылуулук электр борборунун кампасында 256 389 тонна көмүр бар. Мындай маалыматты бүгүн борбордун мэриясы таратты.** 

> Маалым болгондой, учурда ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат.

4-ноябрга карата станциянын орточо электр кубаттуулугу **290 МВтты** түзөт.

Электр энергиясын өндүрүү көлөмү — **7022 млн кВт·саа**т, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү — **8,7 миң** Гкал.

Жалпысынан Бишкек ЖЭБинде **15 казан** агрегаты, туурасынан байланышкан **7 турбоагрегат** жана №3, №4 эки энергоблок орнотулган. Алардын ичинен **8 казан** агрегаты жана **4 турбоагрегат** иштеп жатат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**