> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте курулуш ишканасына кайрадан 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/bishkekte-kurulush-ishkanasyna-kairadan-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-11-05T10:08:49.000Z
- Updated: 2026-11-05T10:09:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигинен Бишкекте мыйзам бузуу фактысы үчүн подрядчы "ЭДРУС" ЖЧКсына карата айып пул салынганын билдирди.** 

Билдирүүгө караганда, жарандардан курулуш объектисиндеги кранда илинип турган жарнамалык көрнөк жанаша жайгашкан турак үйдүн чатырын тешип кеткендиги тууралуу кайрылуу түшкөн.

Анын негизинде адистер тарабынан Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсү 92 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

> Мекемеден белгилешкендей, буга чейин да аталган объектте коопсуздук талаптарынын бузулушуна байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, компанияга милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлгөн.

*"Бирок кайрадан ошол эле объектидеги кранда илинип турган жарнамалык көрнөк, жанаша жайгашкан турак үйдүн чатырын тешип кеткендиги аныкталды", - деп билдирди.*

Объекттин буйрутмачысы "Артвин", ал эми аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу подрядчы "ЭДРУС" ЖЧКсына карата кайрадан **200 000 сом** айып пул салынып, курулуш ченемдерин жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча эскертүү берилди.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**