> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте сатылган көмүрдүн баалары айтылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/bishkekte-satylgan-komurdun-baalary-aityldy/
- Published: 2026-11-05T06:21:33.000Z
- Updated: 2026-11-05T06:34:13.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Коом

**Бишкек мэриясы учурда борбордун 4 районунда көмүр базалары иштеп жатканын билдирди.** 

> Маалым болгондой, муниципалдык кызматтар көмүр баасына жана анын запасына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүп турушат.

***Ленин районунда** *13 көмүр базасы иш алып барууда. Көмүрдүн жалпы запасы* ***4 852 тоннаны** *түзөт. "Кара-Кече" маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы* **7 000 сомдон,** **"Миң-Куш"* ***7 000 сомдон** *, ал эми "Шабыркүл"* ***7 800 сомдон** *сатылууда.*

Көмүр базалары Ак-Ордо-3, Новопавловка, Селекция конуштарында, ошондой эле Мурманск, Б. Алыкулов, Саркулов көчөлөрүндө жана Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан.

***Биринчи Май районунда** *учурда* ***472 тонна** *көмүр бар. "Кара-Кече" маркасындагы көмүрдүн бир тоннасы* ***7 000 сомдон** *, "Миң-Куш"* ***8 000 сомдон,** **ал эми "Шаргунь"* **7 600 сомдон** *сатылууда.*

**Тургундар "Кара-Кече" маркасындагы көмүрдү төмөнкү даректерден сатып ала алышат:**

- Айдарбеков көчөсү (Жаш Гвардия көчөсү, 337), 390-контур;
- Түндүк айланма жол, 383-контур;
- Саадаев көчөсү, 8б;
- Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, 50;
- Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 3;
- Дача СУ, "Трикотажник Б.Ш.".

"Миң-Куш" маркасындагы көмүр Озёрное айылы, Школьная көчөсү, 1д дарегинде, ал эми "Шаргунь" маркасындагы көмүр ошол эле көчөнүн 1а/3 дарегинде сатылууда.

***Свердлов районунда** ***9 көмүр** *базасы иштеп, алардагы отундун жалпы запасы* ***5 450 тоннаны** *түзөт.* 

Учурда "Кара-Кече" жана "Шабыркүл" маркасындагы көмүр сатылууда. "Кара-Кече" көмүрүнүн бир тоннасы **7 000 сомдон**, ал эми "Шабыркүл" **7 800 сомдон** сунушталууда.  
  
**Калкка көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:**

- Достоевский көчөсү, 1;
- Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, №902 контур;
- Маевка айылы / Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, №818 контур;
- Төмөнкү Ала-Арча конушу, Кыргыз көчөсү, 16;
- Лебединовка айылы, Калинин көчөсү, 1-линия, 8/1;
- Ленинское айылы, айланма жол, №963 контур (Дордой-2);
- Келечек конушу, 14-көчө, №9 участок;
- Төмөнкү Ала-Арча конушу, Курманалиев көчөсү менен Элебесов көчөсүнүн кесилиши.

***Октябрь районунда** *кыш мезгилинде калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр базаларында учурда* ***650 тонна** *отун бар. Бүгүнкү күндө райондогу бардык көмүр сатуу түйүндөрүндө көмүр жетиштүү көлөмдө сакталууда.*

**Көмүр базалары төмөнкү даректерде жайгашкан:**

- Көк-Жар конушу, Достоевский көчөсү;
- Көк-Жар конушу, Полевая көчөсү, 1/7;
- Кара-Жыгач конушу, Сары-Өзөн/Обрен көчөсү, 1/1;
- Лев Толстой көчөсү.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**