> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чуңкурчактагы "Супара-2" этнокомплексинде өрт чыгып, ашкана жана жыгач боз үй күйдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/chunkurchaktagy-supara-2-etnokompleksinde-ort-chygyp-ashkana-zhana-zhygach-boz-ui-kuidu/
- Published: 2026-11-05T05:40:08.000Z
- Updated: 2026-11-05T05:40:08.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда жайгашкан "Супара-2" этнокомплексинде өрт чыгып, ашкананын 350–400 чарчы метрин жана жыгач боз үйдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, өрт **4-ноябрда саат 21:52 чамасынд**а тутанган. Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо ашкананын мешинин морунан чыккан. Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм тартылып, үч өрт өчүрүүчү унаа иштеген. Ошондой эле тез жардам кызматы чакырылган. Өрт түнкү саат **01:15 чамасында чектөөгө алынган.**

Кырсык учурунда ашканада **эч ким болгон эмес.** Ал жерде жалпысынан 15 ашпозчу иштээри маалымдалды.

Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.