> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дары чөптөрдү айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/dary-choptordu-aiyl-charba-ondurushuno-kirgizuu-boiuncha-ishter-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-11-05T04:17:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T04:23:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына киргизилген дары чөптөрдү айыл чарба өсүмдүгү катары өстүрүү боюнча технологиялык карталарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу жыйын өттү. Бул туурасунда Айыл чарба министрлигинен маалымдады.** 

> Маалым болгондой, ага Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин кызматкерлери катышты. 

**Жыйындын жүрүшүндө* ***дары өсүмдүктөрүн** *айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү, аларды өстүрүүнүн агротехникалык өзгөчөлүктөрүн аныктоо, үрөндөрдү даярдоо жана себүү, өсүмдүктөрдү багуу, сугаруу, түшүмүн жыйноо жана сактоо боюнча маселелер талкууланды.*

Ошондой эле ар бир өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак-климаттык шарттарын жана өстүрүү технологияларын эске алуу менен технологиялык карталарды иштеп чыгуу, илимий негизделген сунуштарды даярдоо жана дары өсүмдүктөрүн айыл чарба өндүрүшүндө кеңири колдонуу боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.

**Анда тиешелүү адистер тарабынан технологиялык карталарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо жана бул багыттагы иштерди мындан ары улантуу боюнча макулдашылды.*

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**