> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Курулушу кечеңдеген компанияларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/kurulushu-kechendegen-kompaniialarga-zhany-obektilerdi-kuruuga-uruksat-berilbeit/
- Published: 2026-11-05T03:38:22.000Z
- Updated: 2026-11-05T04:38:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кечээ курулуш министри Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктай албай жаткан 31 курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жыйын өттү.**

> Министрликтен билдиргендей, жыйында жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде курулушу кечеңдеп жаткан объектилердин абалы каралды. 

Министр ар бир объекттин курулуш этабын өз-өзүнчө карап чыгып, компания өкүлдөрүнөн иштин жүрүшү жана белгиленген мөөнөттө аяктабай жатышынын себептери боюнча маалымат алды.

**Нурдан Орунтаев министрликтин тиешелүү департаменттерине курулуш объектилерин* ***белгиленген мөөнөттө бүтүрбөй жаткан компанияларга** **жаңы объектилерди курууга уруксат бербөө тапшырмасын берди.*

Ошондой эле, инспекторлорго курулушу бүтпөй жаткан объектилерди тыкыр көзөмөлдөө талабы коюлду.

**Айрым курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.*

Министр курулуш компаниялары биринчи кезекте өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарып, жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезиши керектигин белгиледи. 

**Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө пайдубалы түптөлө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу* [**салынган болчу*](https://im.kg/koom/2026/11/04/olkodo-paidubaly-tuptolo-elek-uilordon-batir-satuuga-tyiuu-salyndy/)**.*