> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# М. Ауэзов көчөсүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/m-auezov-kochosundo-unaa-kyimylyna-ubaktyluu-chektoo-kirgizildi/
- Published: 2026-11-05T03:19:52.000Z
- Updated: 2026-11-05T03:20:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында жол куруу тармагындагы жаңы эксперименталдык технологияны сыноого байланыштуу Мухтар Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.**

> Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чектөө 2026-жылдын 5-ноябрында саат 08:00дөн 8-ноябрда саат 20:00гө чейин күчүндө болот. Тагыраагы, Чүй проспектисинен Сагынбай Манасчы көчөсүнө чейинки тилкеде унаалардын жүрүүсүнө уруксат берилбейт.

Ушуга байланыштуу Бишкек мэриясы айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоону сунуштайт.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**