> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында 500 орундуу мектеп ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/manas-shaarynda-500-orundu-mektep-achyldy/
- Published: 2026-11-05T13:11:00.000Z
- Updated: 2026-11-05T13:10:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, 5-ноябрда Манас шаарында Р. Азимов атындагы жаңы мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышты.**

> Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы мектептин курулушу үстүбүздөгү жылдын февраль айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган. 

Объекттин жалпы наркы **426 миллион сомду** түздү. Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп **үч кабаттан** туруп, **500 окуучуга** ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты **6 364 чарчы** метр. 

**Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, предметтик окуу кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт зал бар. Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол аянтчасы курулган.*

Имаратты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн күн панелдери да орнотулган. Мектептин курулуш иштеринин сапаты Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлгө алынган.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**