> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу 2 айыл таза суу менен камсыз болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/11/05/oshtogu-2-aiyl-taza-suu-menen-kamsyz-bolot/
- Published: 2026-11-05T03:22:49.000Z
- Updated: 2026-11-05T03:23:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кечээ Ош шаарында Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоорунун онлайн ачылышы болуп, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты. Бул тууралуу мэриядан билдирди.** 

> Маалыматка караганда, долбоордун алкагында **30 метр** тереңдиктен артезиан суусу чыгарылып, лабораториялык текшерүүдөн өткөн суу насостун жардамы менен атайын резервуарларга жеткирилет. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/888206485_1473218488330377_7736482955602028066_n.jpg)

Жалпы көлөмү **1000 куб метрди** түзгөн эки суу сактагыч курулган. Алардын ар биринин сыйымдуулугу **500 куб метрди** түзөт.

**Сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн хлоратордук жабдуу орнотулуп, суу тиешелүү тазалоо процессинен өткөндөн кийин керектөөчүлөргө берилет.*

Долбоордун алкагында жалпы **26 чакырым** суу түтүгү тартылган. Эми, Төлөйкөн жана Бодур-Таш айылдарындагы **950 кожолук** таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздалат.

***Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [***Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)***,** [***Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)***,** [***Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)***,** [***Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [***Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**